Кызыл-Кыя шаарынын түптѳлүүсүндѳгү тарыхы
Кызыл-Кыя шаары ѳзүнүн тарыхын 1898-жылдан бери баштайт. Орус инженери Михайлов тарабынан изилдѳѳлѳрдүн негизинде биринчи кѳмүр кени ачылып шаар түптѳлѳ баштаган. 1913-жылы шаардын аймагында жайгашкан кѳмүр кендеринде 700 жакын жумушчулар эмгектенип келген жана 2913 пуд. кѳмүр ѳндүрүлгѳн.
1909-жылы Кызыл-Кыя жана Скобелев (Фергана) шаарларын байланыштырган темир жолу пайдаланууга берилди.
Кыргызстанда социал-демократтардын алгачкы ячейкалары Кызыл-Кыя шаарында уюшулган. Бул кыймылды жандандыруу үчүн шаарга 1905-1907-жылдардагы биринчи орус революциянын катышуучулары И.И.Едренкин, Л.Г.Солнышко жана башкалар келген.
Кыргызстанда алгачкы эл депутаттарынын Совети Кызыл-Кыя шаарында 1917-жылдын март айында түзүлгѳн. Ушул эле жылдын ноябрь айында шаардагы бийлик толук бойдон Советтин колуна ѳткѳн. Кийинчерээк, революцияны коргоо максатында И.Едренкин жана Л.Солнышко баш болгон курамында 130 кызыл аскери бар куралчан отряд түзүлгѳн.
Кызыл-Кыя шаарынын шахтерлору, бардык жумушчулары ѳндүрүштүн татаал шарттарына карабастан Совет бийлигинин орнотулушунун алгачкы күндѳрүнѳн баштап кѳмүрдү коюлган тапшырмалардан ашыгы менен ѳндүрүп, жогорку кѳрсѳткүчтѳрдү жаратып келди.
Фергана ѳрѳѳнү, Казахстандын түшкү аймактары Кызыл-Кыянын кѳмүрү менен толук камсыз болуп турган.
1938-жылы «Жин-Жиген» шахтасы ачылып, Кызыл-Кыяга шаардын статусу ыйгарылган.
1941-1945 жылы шаардын тургундары бүткүл Совет элиндей «Бардыгы фронт үчүн-бардыгы Жеңиш үчүн» деген ураандын астында кеңири орун алган элдик кыймылды колдоп эмгектеништи. Шаардын жүздѳгѳн эр азаматтары Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алардын айрымдары согуштун кандуу талааларынан кайтып келген жок. Алардын Ата – Мекенди коргоо үчүн кѳрсѳткѳн эрдиктери элдин жүрѳгүндѳ дайыма сакталууда.
Согуш жылдары шаардын бардык эмгекчилери, айрыкча шахтерлѳр эмгек күжүрмѳндүүлүгүн кѳрсѳтүшүп, берилген план-тапшырмылырды ашыгы менен аткарып келишти.
Кызылкыялыктардын жана жердештерибиздин эстеринде 1977-жылдын 1-июну эч качан унутулбайт. Бул күнү шаарга каттуу нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын кесепетинен шаарга сел түшүп, кѳптѳгѳн кѳпүрѳѳлѳр, турак жай, жолдор, коммуникациялар жараксыз абалга келип, жалпы эсеп менен зыянга учураган чыгымдар 42 млн. рублди түздү.
Кетирилген зыянды калыбына келтирүү жана инфраструктураны оңдоп-түзѳѳгѳ кызылкыялыктарга жардамга бүткүл ѳлкѳ жардам берип, кыска мѳѳнѳтѳ кѳптѳгѳн алгылыктуу жумуштур аткарылды. Ушул эле жылы 17,4 миң кв.м.турак жай пайдаланууга берилди. Шаардын бош аймагында «БАМ» аттуу жаңы турак жай конушу пайда болду. Ал эми 1 МКР жаңы конушу курулуш эрежелеринин алдынкы ыкмалары, ѳлкѳбүздүн аймактарынан келген куруучулардын жардамдары менен бүткѳрүлүп пайдаланууга берилди.
Кызыл-Кыя Баткен областына караштуу Кичи-Алай кырка тоолорунун деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан. Шаарда 1901-жылы темир жолу салынган. Шаардын дүң продукциясынын 55%тин көмүр казып алынуучу эски борборлорунун бири. Союз убактысында жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, "Алай" аскердик техника заводу, бут кийим тигүүчу фаврикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, цемент чыгаруучу завод, консервация заводу ж.б. иштейт. Азыркы күнгө чейин ЖОЖлар, бала-бакчалар, 2 кесиптик окуу жайы, тоо-кен кесиптик тех.окуу жайы,медицина окуу жайы, шаардык оорукана, шаардык маданият үйү, дем алуу паркы, музей, басмакана ж.б. иштеп келет.
XX-кылымга жаңырарга аз калганда француз табышкерлер Шотт (муну кыргыздар Чотбай деп атап алышкан) менен Фосс 1901-жылы Кызыл-Кыядагы бир нече чакырым жерде жайгашкан Жин-Жиген кенин, кийинчерээк Фосс өз алдынча Жал деген жердеги кенге ээлик кылышкан. 1906-жылы Жалдын бир тарабынан орус ишкери Ракитин жаңы кен ачат. Француздардын ачкан шахтасы көп өтпөй суу астында калган. Кенди Н.Батюшковко сатышкан. Батюшков жаңы техникаларды алып келип кайра кенди иштете баштаган. Ошол эле 1908-жылы ал бис 1:1 жана бис 44 деген эки шахта ачып көмүр казууну тез жана сапаттуу кылып өндүрө баштаган. Андан соң ал Түркстандын генерал-губернаторуна көмүр кендеринен Скобелев (Фергана) шаарына чейин темир жол салуу өтүнүчү менен кайрылган. 1909-жылы курулган кууш темир жолдун узундугу 35 чакырымга барабар болуптур. Бул техникалык чоң жетишкендик эле. Себеби буга чейин көмүрдү Ферганага ат-арабаларда жеткиришип кыйналышкан эле.
Ошентип, 1909-1910-жылдардын кышында темир жол аркылуу 600миң пуд таш көмүр ташылып, кен казып алуу кыйла арбыды. Шахтерлор «шайтан» чырак менен көмүр казышкан. Шахтерлор учун көмүр казуу өтө эле оор иш бойдон кала берген. Себеби жыгачтын, темирлердин кымбатыгын шылтоолоп, түркүктөрдү аз коюшкан, бул кен казуучулар учун оор эле. Ошондуктан кырсык көп болгон, кен урап кеткен, аба жетпей калган, газ алып калган, ж.б. 1911-жылы 58 чоң кырсык катталган.
Кен ээлери кен казып өлгөн шахтерлордун үй бүлөсүнө, жетим балдарды көрмөксөнгө салып келишкен.
Кызыл-Кыя шаарынын борбордук кочолорунун биринде Т. Кулатов атындагы тарыхый музей бар. Экспонаттары кыйла бай. Оз шаарынын откону, тарыхы, маданияты, саясый, экономикалык абалдарын толугураак чагылдырып, Кыргызстандын туштугундо гана эмес, бутундой Фергана ороонундогу эсте каларлык, кайталангыз окуялардын куболорун чогултууга болгон аракет ачык сезилет.
Шаарда дагы бир, уникалдуу музей бар. Ал «Кызыл-Кыя» комур кенинде, тагыраак айтканда башкармалыгынын имаратында жайгашкан. Ошол мезгилдеги жетекчи Борис Андрианович Прокофьев Егорович эле комок корсотуп, колдоп берген деп эскерет Владимир Егорович Рожков. Владимир Егорович Рожков ал кезде кен ылгоочу болуп иштеген экен. Бул киши Кен тармагынын кызыкчылыгы менен жашап келген. Ошондуктан бир болмону болдуруп алып Кендин тарыхы учун материал чогулта башталган.
Рожков музей жонундо томонкудой эскерет. «Алгач громаталарды, мактоо баракчаларды чогултум. Мыкты шахтерлордун, омурлорун, эмгектерин чагылдырган документтер, суроттор акырындап чогула баштады. Музейдин коркун чыгарган сурот стендтерди тузо баштаганда шаарды туро кыдырып мурда иштеп кеткен шахтерлордун уйлорундо сакталып калган суротторун алып журдум. Бироолор суйунуп сыймыктанып берет, бироосу бербейм атамдын бир даана суроту бар дегендер да болду» деп эскерет. Согуштан кийин кочолорго атала баштады. Кочолорго улуу адамдардын аттары коюла баштады.
АТАКТУУ ШАХТЁРЛОР
Т.Кулатов, Владимир Егорович Рожков, Анатолий Александрович Епишев, Рамонжон Ташматов, Эрмек Абдуллаев, Мамасали Шакиев, Акмат Сайбидинов, Николай Тихонович Солошенко, Жусуп Садыков Алтымыш Сатывалдиев, Муса Абдувалиев, Можоев Георгий Никитович, А. Сайбединов Осмон Холматов,
Шаардын маданий тармактарынын «бутак» алышы, катал тарткан отузунчу жылдардан арылап кетет. - 1928-жылы Кызыл-Кыяда алгачкылардан болуп кенчилердин клубу ачылган. - 1930-жылы кенчилердин аймагы текши радиолоштурулган. Радио точкалары жумушчулардын уйлорундо да орнотулган. - 1932-жылы «Шахтер» радио-газетасы иштей баштаган. - 1931-жылы август айында Кен башкармасынын «За уголь», ал эми 1932-жылдан баштап «комур учун» газеттери чыгарыла баштаган. - Кызыл-Кыялык инсан Гулмат Алматовдун шаардык маданий тармагынын осуп-онугушуно кошкон ургаалдуу салымы жонундо азыркы кундо да урмат-сый менен эскеришет. Гулмат карыя 1932-жылы эки кабат уйун акысыз шахтерлордун эс алуу жайы – профилакториясына айландырган. Кийинчерээк ал бак-шактуу кооз жай пионер лагерине, ал эми 1947-жылдан баштап шаардын маданий эс алуу жайына айландырып, ага 1997-жылы Модо Гулмат акенин ысмы ыйгарылган. - 1939-жылы, кайраткер шахтерлордун кун санап осуп келе жаткан рухий таламын канааттандыруу максатында шаардагы эн кооз имарат – шахтерлордун маданий Сарайы иштетууго берилген. Шахтерлордун бул маданият Сарайы шаардыктардын чыныгы маданий борборуна айланган. Мында ар жылы маданий жана спорттук секциялар да узгултуксуз иштиктуу откорулуп келген. - 1951-жылы борбордук китепканасы ачылган. Борбордук китепкана сиситемасынын китеп фонду 162 мин нусканы тузуп, ал 1990-жылы 26151 мин нускага жеткен. 2011-жылы 141045 нуска китеп фонду бар. Ошондой эле 26.400 сомго борбордук китепкана учун 1 компьютер жана 1 принтер алынды. Китепкана кызматкерлери республикалык, областык, шаардык денгээлде откорулуп туруучу семинар-тренингдерге катышып турушат. Ошондой тренингдердин бири 2010 жылдын 2-ноябрынан 5-ноябрына чейин Бишкек шаарында АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен АЙРЕКС ишке ашырып жаткан "Билим беруудогу заманбап технологиялар" программасынын уюштуруусунда отту. Бул тренинге борбордук китепканадан 3 китепканачы катышып келишти жана натыйжада 6 компьютер, вебкамера, цифровой фотоаппарат, проектор, принтер, сканер, ксерокопия берилди .Ошондой эле Интернет байланышына туташтырылып 1 жылдык мɵɵнɵткɵ пайдаланууга берилди.
Азыркы учурда борбордук китепкананын алдында "Китепкана-Интернет маалымат булагы" ачылып, ийгиликтуу иштеп жатат. - 1954-жылы МТС заводунун клубу пайдаланууга берилген. - 1961-жылы «Дружба» кинотеатры ачылган. - 1968-жылы «Заря» кинотеатры ачылган. - 1974-жылы музейде 2360 экспанат катталып ачылышы болгон. - 1976-жылы 9-май Жениш кунуно ардегерлердин хору уюштурулган жана алгачкы концерттерин беришкен. - 1977-жылы шаарда «Баатыр энелердин» фольклордук-этнографиялык «Рахат» - деп аталган ыр-бий ансамбли да уюшулган.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР СТАТУСУ
Кызыл-Кыяга шаар статусу 1938-жылы берилген. Анын аянты – 0,02мин чарчы км. Шаар кɵп улуттуу – 50дɵн ашуун улуттун ɵкүлдɵрү жашашкан.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫ ЖЕТЕКТЕП КЕЛГЕН ЖЕТЕКЧИЛЕР
Анатолий Михайлович Малов, Ильяс Жусубалиевич Жусубалиев, Давыдов Николой Петрович, Каримшер Абдумомунович Абдумомунович, Исмаил Исакович Масаитов, Жумабеков Болотбек Жекшенович, Жунусов А.А., Абдивасиев М.Н, Анарбаев А., Халмуразаев Абиш Алыбаевич 2011-жылдан 2016-жылдын 13-июлуна чейин мэр болуп кызматта турган. 2016-жылдын 2-августуyнан 2021-жылдын февраль айына чейин шаардын мэри катары Топчубаев Эрмекбай Асанович жетектеп келген.
2021-жылдын 7-июнунан тартып Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич жетектеп келʏʏдɵ.