31-АВГУСТ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ

31.08.2024  07:39

Кароолор(83)

31-август Эгемендүүлүк күнү шаарыбызда белгиленди. Ага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматов, шаардагы мекеме ишканалар, окуу жайлар жана шаар тургундары катышты. Майрам демонстрациялык парад менен башталды. Шаар мэри мекендештерди шаар тургундарын жана конокторун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, кызматтык милдетемелерин так аткарып, шаардын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан кызматкерлерди ардак громаталры жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.  Майрамдык иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.