ШААР МЭРИНИН БИЛИМ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

02.09.2024  07:31

Кароолор(69)

 

Кадырлуу мугалимдер жана окутуучулар!

Урматтуу студенттер жана окуучулар!


 

         Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, жаңы окуу жылында албан-албан ийгиликтерди, жаратмандык духту, билим дүйнөсүнүн бийик сересине бет алган багытыңыздардын байсалдуу болушун каалайм.

Бул күн билимдин майрамы. Мектеп босогосун  аттай турган 1-класстын окуучусунан тарта, билим үгүтүн жеткинчектерге тартуулаган  мугалимдер мектепти көздөй шашылып, толкундатат. Жыл сайын колуна гүл көтөрүп мектепти көздөй агылган кенже класстын окуучуларын көрүп кубанам. Себеби, алардын алдында  билимдин чоң кени,  канчалаган мүмкүнчүлүктөрдүн  эшиги ачылып  олтурат.

          Урматтуу окуучулар, силерди кең келечек күтүүдө. Билим алуудагы ар бир күн текке кетпеши керек. Тайманбастык менен билимдин туу чокусун багындыргыла, кыйынчылыктардын алдында тайсалдабагыла, бул татаал жолдо силерге ар дайым мугалимдер шам-чырак болуп берет.

          Баарыңыздарга жаңы окуу жылында албан-албан ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, арыбас кайрат, мамлекетибизге байгерчилик менен тынчтык каалайм!


 

Терең урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыков




 

   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.