ШААРЫБЫЗДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
02.09.2024 15:30
Кароолор(74)
Бүгүн шаарыбыздагы бардык мектептерде Билим күнүнө жана 2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйындар өттү. Шаар мэри №5 Ч.Айтматов орто мектебине барып куттуктоолорун айтып, ардактуу кесипке жаңыдан кошулган жаш окутуучуларга эмгек китепчелерин тапшырды.
Айта кетсек быйыл 1500дөн ашуун 1-класстын окуучулары мектеп коңгуроосун биринчи жолу угуп, партасына отурушту.
Мектептердеги алгачкы сабактар 1-класстан 4-класска чейин “Билим - бул күч” темасында ал эми 5-класстан 11-класска чейин “Кыргыз Мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өттү.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.