«МЕЙМАНКАНА КУРУУ”  (КОНФЕРЕНЦ ЗАЛЫ МЕНЕН)» КУРУЛУШ ИШТЕРИ

28.08.2024  21:46

Кароолор(80)

  “Мейманкана (конференц залы менен)” муниципалдык мейманкананын курулушуна  23,6 млн сом акча каражаты бɵлүндү. Курулуш 2024-жылдын октябрь айына бүткөрүлүп, шаар күнүнө карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Натыйжада 10-15 адам жумуш орду менен камсыз болот. Максат- шаар конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү менен, жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү бюджетти өстүрүү. 

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Баткен облусун 2021-2035-жылдары ɵнʏктʏрʏʏ программасын” алкагында бɵлүнгɵн 500,0 млн сом ичинен, Кызыл-Кыя шаарына 2022-жыл эсебинен 50,0 млн сом, 2023-жыл эсебинен 85,0 млн сом,  акча каражаты бɵлүнүп, курулуш иштери аткарылууда.   




 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.