Кызыл-Кыя шаарынын 126 жылдык маарекесине карата. Шаарыбыздагы № 1 Айданек балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга шарттар ыңгайлаштырып, эмеректер жасалды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 000 сом акча каражаты бөлүндү. Бул жерде кезекте тургандардан 60 бала алынат жана 6 жаңы жумуш оруну пайда болот.
Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т тескемесине ылайык оптимизациялоонун негизинде жасалды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.