1-НОЯБРЬ – МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ.  ШААР МЭРИНИН КУТТУКТООСУ.

01.11.2024, 09:00

Кароолор (83)



Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! 

Мындан туура бир кылым мурун, Кыргыз милициясы калыптанып, элдин тынчтыгын, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу милдетин аркалап, алгачкы кадамдарын жасаган. Бүгүнкү күндө кыргыз милициясы — кесипкөй, бекем жана ишенимдүү мекеме катары өзүн көрсөтүп, заманбап талаптарга ылайык өнүгүп келет.

Сиздердин кайратман эмгегиңиздер, күнү-түнү элге кызмат кылуудагы жоопкерчилигиңиздер, айрыкча, жаш муундар үчүн зор үлгү. Ардагерлерибиздин эмгеги эч качан унутулбайт жана кийинки муундарга таяныч болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, тынчтык менен коопсуздуктун бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенем.

Урматтуу тартип сакчылары!

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт жана түгөнгүс эрк-кайрат каалайм. Мекенибизге тынчтык жана туруктуулук каалап, эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, ар дайым элдин сый-урматына ээ болуңуздар!

Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков.

 

                                                                                    Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.