2024-ЖЫЛДЫН 19-ИЮЛУНДА КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ.

19.07.2024, 19:30

Кароолор (142)

 

 

     Бүгүн 2024-жылдын 19-июлунда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары жетектеп, ага коллегия мүчөлөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты. Отурумда төрт маселе каралды. Алар : 

1. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Кызыл-Кыя шаарынын экономикасынын реалдуу секторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы жѳнүндѳ.

2. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык-маданий  өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” токтомунун аткарылуусу тууралуу.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №637 токтомунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалар тарабынан аткарылуусу тууралуу.


 

Берилген маалыматтар талкууланып, жетишилген ийгиликтер менен катар кетирилген кемчиликтер да белгиленип, аларды четтетүү багытында бир катар жетекчилерге тапшырмалар берилди. 



 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.