2024-ЖЫЛДЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

23.01.2025, 21:30

Кароолор (274)

 

2025-жылдын 23-январында Кызыл-Кыя шаарында 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.         2024-жылдагы Кызыл-Кыя шаарынын экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары.

2.         2024-жылдагы социалдык-маданий өнүгүү жетишкендиктери.

3.         Ар түрдүү маселелер:

2024-жылдын жыйынтыгы менен мэриянын жана башка ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу.

Жыйынды Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков ачып, алгач 2025-жылга карата аткарылуучу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча мэрдин орун басары Ж.Курбанов баяндама жасап, шаарда жүргүзүлгөн экономикалык иш-чаралар, жетишкендиктер жана чечилиши керек болгон маселелер боюнча маалымат берди. 

Экинчи маселе боюнча мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев социалдык-маданий жетишкендиктер тууралуу баяндама жасап, 2024-жылы шаардын социалдык жана маданий тармагында аткарылган иштерди белгилеп өттү.

Ошондой эле ИИМдин Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы милициянын  подполковниги М.Толтоев да отурумдун катышуучуларына 2024-жылдын ичиндеги Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштардын бетин ачууда алып барылып жаткан иштер, шаар аймагындагы криминогендик абал жана жалпы кылмыштуулук  боюнча маалымат берди.

Жыйындын соңунда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана башка мекемелердин кызматкерлерине 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ардак грамоталар, ыраазычылык каттары жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү маанилүү маселелерди талдоого жана келечектеги пландарды иштеп чыгууга багытталган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.