3-ДЕКАБРЬ - МАЙЫПТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

03.12.2024, 18:11

Кароолор (74)

 

3-декабрь - майыптардын эл аралык күнү белгиленди, бул кунгө утурлай майыптыгы бар жарандар үчүн Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмү тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду.

Ага шаар мэри А.Маткалыков, шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Аматов катышып, каалоо тилектерин айтып куттуктап кетишти.

Аталган саамалыктын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге Ош шаарынын мэриясы, муниципалдык, жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан акчалай сыйлык, белектер тапшырылып, маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн: БУУнун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдын 14-октябрындагы 47/3 резолюциясына ылайык, Эл аралык майыптар күнү бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленет. Майрам элдин көңүлүн майыптардын көйгөйлөрүнө бурууга багытталган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.