Бүгүн, 8-март күнү, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаардык Маданият үйүндө Эл аралык аялдар күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурду. Бул иш-чарага шаар мэринин биринчи орун басары И. Бабаев, шаардык кеңештин төрагасы Ж. Аматов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана айымдар катышты.
Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар мэринин орун басары жана шаардык кеңештин төрагасы сөз сүйлөп, аялзатын бүгүнкү майрамы менен куттукташты. Алар аялдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын эмгегине жана жасаган салымдарына терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, шаар жетекчилери аялдарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалашты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында шаардык маданият бөлүмү тарабынан келген меймандарга арналган концерттик программа тартууланды. Жергиликтүү өнөрпоздор сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулашты. Ыр-бийлер, көркөм окуулар жана музыкалык чыгармалар менен коштолгон бул концерт айымдардын купулуна толду.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы аялдарга материалдык колдоо көрсөтүлүп, майрамдык белектер тапшырылды. Бул иш-чара шаар айымдарына көтөрүңкү маанай тартуулап, алардын коомдук турмуштагы салымын дагы бир ирет баса белгиледи.
Мындан тышкары, майрамдын алкагында Кызыл-Кыя шаарында жашаган улуу муун өкүлдөрүнө да көңүл бурулду. Кылым карыткан ардагерлер Мавлянова Тажигүл жана Мурзаева Алийма апаларыбызга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шеменовдун белектери жеткирилди. Бул өзгөчө белектер апаларыбызга терең сый-урматтын белгиси катары тапшырылып, алардын узун өмүр, татыктуу эмгек жолу, коомго жана үй-бүлөгө кошкон салымы дагы бир ирет бааланды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.