9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

01.11.2024, 12:30

Кароолор (65)

 


Бүгүн, 1-ноябрда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын 
9 айлыгынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, мэрдин орун басары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде кароо үчүн 3 маселе коюлган:

1. 2024-жылдын 9 ай ичинде Кызыл-Кыя шаарынын экономикасынын реалдуу секторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы жѳнүндѳ.


2. 2024-жылдын 9 ай ичинде Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык-маданий  өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө.


3. Кызыл-Кыя шаарынын мекемелеринде жана уюмдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык аткарылган иштер тууралуу.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча мэрдин орун басары, сектордун жетекчилери маалымат беришти. Андан соң облуста 9 ай ичинде өнөр жай, инвестиция тартуу, айыл чарба жана башка бардык тармактарда негизинен көрсөткүчтөр  жакшы экени белгиленди.

Ошол эле учурда айрым кемчиликтер да айтылып. Шаар жетекчиси А.Маткалыков ар бир кемчиликтер боюнча талкуулап, жылдын жыйынтыгы менен көрсөткүчтөрдү жакшыртууну милдеттендирди.

Жыйында шаар мэри Баткен облусунун 25 жылдык мааракесине активдүү катышкан мекеме-ишканаларга ыраазычылык баракчаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 
маалыматтык камсыздоо кызматы.

 

                                                                                   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.