АЙМАКТЫК ТЕСКӨӨЧҮЛӨРГӨ ПЛАНШЕТТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

03.10.2024, 15:49

Кароолор (25)

 

                        Бүгүн, 2024-жылдын 3-октябрында Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы подполковник М.Толтоев. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомунун талаптарын ишке ашыруу максатында жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө санариптештирүү, санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү жана коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында заманбап жогорку сапаттагы  планшеттерди тапшырды. Планшеттердин жардамы менен кызматкерлер окуялар тууралуу маалыматты ыкчам алуу, кылмыш иштери боюнча маалыматтар базына дароо кирүү жана электрондук документтер менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

            Айта кетсек 15 даана планшеттер Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 114 000 сомго сатылып алынды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.