Кызыл-Кыя шаарында соода жайларын иретке келтирүү жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында мыйзамсыз жеңил типтеги соода объектилерин алуу иштери уланууда.
Бүгүн, жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Асаналиев көчөсүндө уруксаты жок орнотулган жеңил типтеги соода жайлары алынып салынды. Бул объектилер жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, шаардын көркүн бузуп жаткан.
Жергиликтүү бийлик шаарды иретке келтирүү, санитардык нормаларды сактоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда. Жарандарга жана ишкерлерге мыйзамды сактап, соода кылууда тиешелүү эрежелерди аткаруу зарыл экендиги эскертилет.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.