Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз соода жүргүзүүнү тартипке келтирүү жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоол болгон объектилерди алуу иштери уланууда.
Бүгүн, 2025-жылдын 30-январында, шаардык тиешелүү кызматтар тарабынан Асаналиев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр тилкесин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Аталган аймакта мыйзамсыз жайгаштырылган жеңил типтеги соода объектилери алынган. Буга чейин соодагерлерге бир нече жолу эскертүүлөр берилгени менен, жөө адамдар үчүн каралган тилкелер соода жүргүзүү үчүн колдонулуп келген.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аталган иштерди көзөмөлгө алып, шаарды иретке келтирүү максатында мындан ары дагы мыйзамсыз соода жайларына каршы иш-чаралар улана турганын билдиришти.
Жергиликтүү бийлик тургундарды коомдук тартипти сактоого жана мыйзам чегинде иш жүргүзүүгө чакырат.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.