АСАНАЛИЕВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРҮП ЖАТКАН СООДА САТЫК ИШТЕРИ ТОКТОТУЛАТ

20.08.2024, 15:00

Кароолор (167)


 

  2024-жылдын 20-августунда шаар мэри А.Маткалыковдун аппараттык жыйында Асаналиев көчөсүндөгү мыйзамсыз жүрүп жаткан соода сатык иштерин токтотуп, жөө жүргүнчүлөргө ынгайлуу шарт түзүү боюнча  тапшырмасын аткарууга алып, мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев жана тийиштүү кызматтар жеринен комиссия уюштурду. Комиссия жөө жүргүнчүлөр жолдорунда (тротуарларда) соода иштерин жүргүзүп жаткандарга эскертүүлөрдү берип, жолго тоскоолдук кылган буюмдар (столдор, тирөөчтөр, жарнамалык тактайлар) алынып кетилип, жөө жүргүнчүлөр жолуна койулган авто унааларга МАИ кызматкерлери тарабынан айып пулдары салында. 

Мындай иш-аракеттер мындан кийин да уланаарын баса белгилейбиз.


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.