БАЛДАР БӨЛҮМҮ ТОЛУК ОҢДОП ТҮЗӨӨДӨН ӨТТҮ

24.10.2024, 16:00

Кароолор (13)

 



Кызыл-Кыя шаарынын 126 жылдык маарекесине карата. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Балдар бөлүмү” толук оңдоп түзөөдөн соң ачылуу аземи болуп өттү. Оңдоп түзөө иштеринин экинчи кабаты 4 721 793 сомго 50% түрткү берүүчү фонддун эсебинен болсо 50% жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Ал эми биринчи кабаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) тарабынан каржыланып 2 500 000 сом акча каражаты жумшалды. Шаар мэри түн-күн дебей элдин саламаттыгына кам көрүп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бейтаптардан кабар алды.
                                                                                                                                                                           Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын

маалыматтык камсыздоо кызматы.