БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

28.02.2025, 18:59

Кароолор (28)

 

Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча Координациялык кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги М.Толтоев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, шаардагы бардык мектеп директорлору, жеке мектептердин жетекчилери жана алардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары катышты.

Кеңешмеде негизги маселе катары шаар аймагындагы мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулук, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан оор кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча чаралар каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын күчөтүү, мектептердин айланасындагы көзөмөлдү жакшыртуу, балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы М.Толтоев өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун өсүп жаткандыгын белгилеп, мектеп жетекчилери менен биргеликте профилактикалык иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Координациялык кеңешменин соңунда бардык катышуучулар бул багытта биргелешип иш алып барууну макулдашып, алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча пландар түзүлдү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.