БАТКЕН ОБЛУСУНА 25 ЖЫЛ

12.10.2024, 18:00

Кароолор (9)

 

 

            Бүгүн 2024-жылдын 12-октябрында “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” 

II Эл аралык инвестициялык форумунун алкагында  көргөзмө-жарманке өттү.

Жарманкени Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев ачып, иш чарага келген бардык катышуучуларга ийгилик каалап, бул иш чара алардын ишин илгерилетүүгө өбөлгө болушуна тилектештигин билдирди.

            Көргөзмө жарманкенин салтанаттуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, бүгүнкү жарманке бардык кызыккан тараптар үчүн  кызматташуу аянтчасы болуусун каалады.

            Жарманкеге Кызыл-Кыя шаарынын мэри баш болгон өнөр жай, женил өнөр жай продукцияларын жана кол өнөрчүлүк багытында иштеп келе жаткан иш-каналар катышты. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаары боз үй тигип жарманкеге келген конокторду кыргыздын улуттук тамактары менен тааныштырып, даам сыздырды.  Иш чарага өлкө аймагынан да потенциалдуу ири ишканалар катышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн билдиришти.

 

Жарманкенин максаты, аймактын өнүгүү потенциалын көрсөтүү. Кызыкдар тараптарга кызматташуу мүмкүнчүлүгү түзүү.

 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.