Баткен телеканалынын 20 жылдык мааракеси белгиленип, анын алкагында облустун жыл мыктыларына “Алтын өрүк” сыйлыгы тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, шаар жетекчилери, журналисттер жана сыйлык ээлери катышты.
“Алтын өрүк” сыйлыгынын ээси болгон мыктылар төмөнкүлөр:
Мыкты мэр: Маткалыков Асилбек Жоробаевич – Кызыл-Кыя шаарынын мэри.
Мыкты укук коргоочу: Толтоев Мирбек Мукашбекович – Кызыл-Кыя ШИИБнин башчысы, милициянын подполковниги.
Мыкты медицина кызматкери: Кадыров Жыргалбек Ибрагимович – Кызыл-Кыя Жалпы дарыгердик практика борборунун директору.
Мыкты аким: Жоробаев Учкунбек Имамалиевич – Баткен районунун акими.
Мыкты жетекчи: Саттаркулова Гулмира Бабаевна – Сүлүктү шаарындагы маданият бөлүмүнүн башчысы.
Мыкты айыл өкмөт башчысы: Эркебаев Ашыралы Анарбаевич – Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы, Баткен району.
Мыкты окутуучу: Таиров Кубанычбек Абдилазизович – БатМУ Гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу.
Мыкты медицина кызматкери: Кадыров Жыргалбек Ибрагимович – Кызыл-Кыя Жалпы дарыгердик практика борборунун директору.
Мыкты спортчу: Рахманова Дилдора Гуломалиевна – БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун ага окутуучусу.
Мыкты аскер: Амиров Нурмухамед Арстанбекович – КР УКМКнын Чек ара кызматынын №2051 аскер бөлүгүнүн майору, Сүлүктү шаары.
Мыкты маданият кызматкери: Дыйканов Карим Токтосунович – Баткен райондук Балдар музыкалык мектебинин кызматкери.
Мыкты журналист: Абдырахманова Насигүл Аширалиевна – УТРК Баткен телеканалы.
Мыты чарбакер: Динмухамед уулу Марлен – “Клубмалина Жаңы-Жер” айылдык агрардык чарба кооперативинин жетекчиси, Баткен району.
Мыкты ишкер: Эржигит Таштанов – НСК-Баткен филиалынын директору, Кадамжай району.
Мыкты тейлөөчү: Мамытов Алтынбек Аманбаевич – Жер ресурстары жана кадастр боюнча агенттиктин Баткендеги филиалынын орун басары.
Мыкты куткаруучу: Сүйүнов Алманбет Сабырбекович – №77 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кароол-башчысы, КР ӨКМ, Кадамжай району.
Сыйлык ээлери өз тармагында аткарган зор эмгегин эл УТРК Баткендин социалдык барактарында добуш берүү менен аныкталды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.