Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын демилгеси менен жергиликтүү тургундарды колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, базар баасынан төмөн баада айыл чарба продукциясын сатуу уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы борбордук аянтчада, фермерлер жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр картошка, сабиз, пияз, капуста, эт, сүт, дан азыктарын жана башка керектүү продуктыларды жеткиликтүү баада сунушташты.
Бул иш-чара баалардын туруксуздугун жөнгө салууга, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана шаар тургундарын сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган.
Айыл чарба жарманкеси мындан кийин үзгүлтүксүз уюштурулуп тураары пландаштырылууда.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.