2024-жылдын 26-августунда Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Билим берүүгө 100 жыл "трансформация чакырыктары жана жаңы горизонттор" аталышында мугалимдердин августтук конференциясы болуп өттү. Конференцияга шаар мэри А.Маткалыков, шаардык кеңештин депутаттары, мугалимдер катышты.
Конференцияда доклаттар окулуп, жылдын жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Алдыңкы орундарды ээлеген билим берүү мекемелери шаар мэри тарабынан ардак грамоталары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ошондой эле 60 жашка толгон билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге билим берүү бөлүмү жана мугалимдердин шаардык профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктыр берилип, 7 мугалимге Ташкент шаарына эс алууга жолдомо тапшырды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.