БИЗ, ТАЗА ШААР ҮЧҮН!

19.10.2024, 17:00

Кароолор (15)

 

 

            Элибиздин эзелтен келген салты бар. Таң азанда келин-кыздар көчөгө суу чачышып, өз эшигинин алдын шыпырат. Ар ким өзүнө тиешелүү аймакты тазалап, натыйжада бүтүндөй көчө таза болгон. Күнүгө ушул көрүнүш кайталангандыктан, көчөсү, эшигинин алды дайыма таза турган. Бул - ата-бабалардын бүгүнкү коомго калтырган алмаштыргыс мурасы.

Демек, тазалык айына бир жолу тазалоо же бир тараптан эмес, шаардын ар бир жашоочусунан көз каранды; күнүмдүк тазалыкка маани берүүдө жатат. Чыныгы мекенчилдик - жолго таштанды таштабоо же жолдо жаткан таштандыны атайын кутуга салып коюу.

Шаардын көчөлөрүнө таштандылар ташталып, ары жылдырып койгонго чамабыз жетпей келгени баарыбызга маалым. Өзгөнү сындап отуруп, бирок колубуздагы таштандыны атайын урнага таштаганга жарабаган учурлар да болбой койбойт. Таза болууну алгач өзүбүздөн баштасак, өзгөлөргө да үлгү болмокпуз. Бүгүнкү коом сөз менен эмес, кыймыл менен үлгү алар доорду башынан өткөрүп жатат.

"Мамлекет биз үчүн эмне кылды?" - дегенден мурда, "Биз мамлекет үчүн эмне кылдык?" - суроосунун берилгени орундуу болот. Коомдун өнүгүүсү ар бир жарандан көз каранды. Жашаган үйүбүздүн, көчөбүздүн, шаардын тазалыгы, өсүп-өнүгүүсү сизге байланыштуу.

            Бүгүн шаарыбызда ишембилик болуп өттү ага мекеме-ишканалар шаар тургундары жана коомго кайдыгер карабаган 200 дөн ашуун ыктыярчы жаштар катышты. Алар жергиликтүү тургундар менен чогу #Биз таза шаар үчүн деген ураан менен көп кабаттуу үйлөрдүн алдында тазалоо иштерин жасашты.

Келгиле, шаарыбыздын тазалыгын чогуу камсыздайлы!



 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.