БИЗНЕСТИ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА 4-ОЛТУРУМ БОЛУП ӨТТҮ

01.11.2024, 17:00

Кароолор (26)

 


 Бүгүн 2024-жылдын 1-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен биргеликте ишкердикти өнүктүрүү, жергиликтүү ишкерлердин көйгөйлөрүн аныктоо жана аны чечүү жолдорун изилдөө максатында Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин 4-отуруму шаардык мэриянын кичи жыйындар залында болуп өттү.

Олтурумга "Агропласт" АЧК, Ажва, Арзуу пицца, Кыл-Полот кафелеринин жетекчилери, Сүйөр магазининин директору Ала-Тоо маданий эс алуу борборунун жетекчилери жана ошондой эле бизнес өкулдөр келип катышты.
 

                                                                                   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.