БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

06.12.2024, 20:36

Кароолор (45)

 

2024-жылдын 5-декабрында Кызыл-Кыя шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы №70 кесиптик лицейдин базасында Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын колдоосу менен «Бош орундар жарманкесин» өткөрдү. Иш-чарага шаардагы кесиптик лицейлердин студенттери жана жумушсуз жарандар катышты. Шаардагы мекеме-ишканалар жарманкеге 159 бош жумуш ордун сунушташты.

Жарманкеге Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Д. Бабаев катышып, иш-чаранын катышуучуларына калкты жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жаштарды кесипке даярдоо боюнча иштерди улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Бош орундар жарманкесинин» алкагында №70 кесиптик лицейде кыска мөөнөттүү курстарда окуп жаткан жумушсуз жарандардын өздөрү тиккен кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле «Мыкты тигүүчү» жана «Мыкты компьютер колдонуучу» аттуу конкурстар өткөрүлүп, катышуучуларга тапшырмалар берилди. Алдыңкы орундарды ээлегендерге шаардык мэриянын атынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, жарманкенин алкагында социалдык келишимдин негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандардын бышырмалары жана тиккен буюмдарынын көргөзмөсү болуп өттү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.