Бүгүн 2024-жылдын 8-октябры дарыгерлер жана кенже мээрбан эжелер күнү Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБда белгиленди. Ага шаар мэри А.Маткалыков катышып ак халатчандарды майрамы менен куттуктап, кызматтык милдеттемелерин так аткарып, жарандардын ден-соолугуна талыкпастан кам көрүп келе жаткан кызматкерлерге ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.