Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-р "5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө" токтомунун негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2024-жылдын 16-сентябрындагы №297-б (Жыл сайын өткөрүлүүчү "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү" иш-чарасын уюштуруу жөнүндө) буйругу менен бекитилген мерчемге ылайык, 2024-жылдын 30-сентябрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин профессору М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттеринин катышуусунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана кызматтык унаалары тарабынан жол коопсуздугунун камсыздалуусу менен демонстрациялык жөө жүрүш акциясы өткөрүлдү.
Ошондуктан жалпы Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын жана конокторун табигый жана техногендик мүнөздөгү пайда болуучу өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жол бербөө, чоң көлөмдөгү материалдык чыгымдарды болдурбоо максатында сак болууга чакырабыз,
Эгерде үн жогорулатуучу каражаттар аркылуу кырсык катталды деген маалымат билдирилген учурунда токтоосуз электр кубаттуулугун өчүрүп, дыкаттык менен ыкчам маалыматты жана аткарылуучу иш-аракеттерди угуп, аны аткарууга шашыңыз.
Ошондой эле катталган кырсыктарды Сиз көргөн болсоңуз тезинен 112 же болбосом 101 кызматына күндүн кайсыл гана убактысы болбосун чалып, так маалыматты бериңиз. Бул иш аракет бирөөнүн өмүрүнүн сакталышы, чыгымдардын көлөмүнүн санын кыскартуу болуп эсептелинет. Ошол себептен Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн эскертет жана суранат.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.