6-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев, шаардык прокурор Б.Өмүрканов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Т.Далятова ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана кыймылсыз жаткан шаар тургундарынан кабар алышты. Алар жарандарга жылуу сөздөрүн айтып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулган азык-түлүк баштыкчаларын тапшырышты.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.