Кызыл-Кыя шаарында 2024-жылдын 19-июль күнү КРАОАА жана МСЭКБнун жана Кызыл-Кыя ЖДПБнун кызматкерлери тарабынан КР Саламаттыктыы Сактоо Минстрилигинин 2024-жылдын 15-майындагы №500 " Кыргыз Республикасында эхинококкозго эпидемиологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча колдонмосун бекитүү жөнүндө" буйругун ишке ашыруу жана эхинококкоз дартын эрте аныктоо, алдын алуу, дарылооону эрте баштоо максатында иш-чара болуп өтту. Иш-чараны Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев ачып, Кызыл-Кыя ЖДПБнун директору Ж.Кадыров жана КРАОАА жана МСЭКБнун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Срановдор сөз сүйлөдү, шаардык ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан элдерге эхинококкоз дартын алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Иш-чаранын катышуучуларына анкета толтуртуп, эхинококкоз оорусу боюнча суроо-жооптор жүргүзүлүп, ооруунун алдын алуу боюнча баракчалар, брошюралар таркатылды. Иш-чаранын планына ылайык шаарыбыздын жашоочулары акысыз УЗИ текшерүүдөн өткөрүлдү.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.