#100жылдыкка100ишкана#100долбоор
Бүгүн 2024-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун онлайн катышуусунда шаарыбыздагы кагаз баштыктарды чыгарган цехтин ачылуу аземи болду. Анда шаар мэри А.Маткалыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Б.Имаралиева жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Далибаевтер цехтин лентасын кесишти. Ишкана күнүнө беш миңге чейин баштык өндүрүүгө ылайыкташкан. Цех эко баштыктардын бир нече түрүн жана кагаз каптарды да чыгара баштайт.
Баса, Кыргызстанда 2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Бул боюнча өлкө Президентинин жарлыгы да чыккан.
#100жылдыкка100ишкана
#100долбоор
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.