ЭЛДИН КҮЧҮ МЕНЕН КУРУЛГАН АЛЛЕЯ АЧЫЛДЫ

20.11.2024, 21:34

Кароолор (126)

 

Бүгүн 2024-жылдын 20-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгында элдин күчү менен курулуп жаткан аллеянын курулуш иштери аяктап ачылуу аземи болду. Ага шаар мэри Асилбек Маткалыков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

 

Шаар мэри: - Күч бирдикте экенин белгилеп, ынтыкмактуулук менен биригип аллеянын курууга салымын кошкон жалпы элге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле курулуш, уюштуруу иштеринде жигердүү эмгектенип салымын кошкондорго Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчаларын тапшырыды.

 

Аллеянын сметалык баасы 2 млн 700 миң сом.

 

 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.