Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы №2-К буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 19-декабрында Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында “Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо” темасында шаар прокурорунун демилгеси менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Б. Өмүрканов, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж. Курбанов, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы Р. Абдырахманов, шаардык ИИБ өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты.
Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АИС “ИСТК”) жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси тууралуу маалымат берилип, видеотасмалар көрсөтүлдү.
Ишкерлердин суроолору жана көйгөйлөрү (ККМди колдонуу, айып пул салуулар ж.б.) талкууланып, тиешелүү органдардын жетекчилери тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.
Бул иш-чара ишкерлердин укуктарын коргоо, текшерүүлөрдү оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосундагы диалогду жакшыртууга багытталды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.