КАПИТАЛДЫК ОҢДОП ТҮЗӨӨДӨН ӨТҮП, 320 ОРУНДУУ КОШУМЧА ИМАРАТ КУРУЛАТ

19.11.2024, 18:09

Кароолор (162)

 

            Бүгүн 19-ноябрда Россия Федерациясынан келген Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес (АНО “Евразия”) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Жолугушууга шаар мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич, АНО “Евразия” уюмунун аткаруучу директору Азизов Евгений Сергеевич,  АНО “Евразия” уюмунун Эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Барышникова Татьяна Викторовна, ОФ «Евразия Кей Джи» директору, техникалык көзөмөлдөө боюнча адистер жана жергиликтүү тийиштүү кызматтар катышты. 

Жолугушууда №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 320 орундуу кошумча имаратын куруу боюнча маселе жеринен таанышуу менен талкууланып. Курулуш иштерин баштоо боюнча келишимге жетишилди. Курулуш иштери 2025-жылы башталат.

Айта кетсек 2024-жылдын 13-октябрында аталган уюум №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин имаратын оңдоого каржылык жардам көрсөтүү боюнча сертификат тапшырган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.