Урматтуу мекендештер, шаарыбыздын тургундары жана коноктору!
Кымбаттуу кадырман карыялар!
Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз элинде кылымдардан бери көкүрөгүнө салт-санааны уютуп, келечекти көөдөн менен туюп билген карыларын аздектеп, урматтап келген улуу нарк бар. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө акылы кенч аталарыбызга, мээрими толгон апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашайт.
“Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деп кыргыздар эзелтеден бери улуу муундагы адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.
Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.
Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети.
Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.
Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!
Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!»
Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.