КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТҮҮДӨ

08.02.2025, 16:30

Кароолор (89)

 

Кызыл-Кыя шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү борбордук аянтта кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Бул иш-чара шаардык мэриянын демилгеси менен өтүп, элге азык-түлүктүн коопсуздугун камсыздоо жана базар баасынан арзандатылган баада продукция сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Торобаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы протоколдук тапшырмасына ылайык, Кызыл-Кыя шаарында айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Белгилей кетсек, жарманкедеги азык-түлүктөрдүн баасы төмөнкүчө.
 Картошка – 1 кг 50 сом
 Сабиз – 4 кг 100 сом
 Пияз – 4 кг 100 сом
 Ун (1-сорт) – 1 кап 1500 сом
 Ун (2-сорт) – 1 кап 850 сом
 Пахта майы – 5 л 480 сом
 Жумуртка – 1 даана 6,5-8 сом
 Мал эти – 1 кг 550 сом

Жарманке шаардыктар үчүн пайдалуу болуп, тамак-аш продукциясын базар баасынан төмөн сатып алууга шарт түздү. Акыркы мезгилде Кыргызстанда эт жана картошканын баасынын кымбатташына байланыштуу жергиликтүү бийлик тийиштүү ведомстволор менен биргеликте базардагы бааларга мониторинг жүргүзүп келет.

Азык-түлүк жарманкесин үзгүлтүксүз уюштуруу шаар тургундары үчүн чоң жеңилдик болууда. Мындан ары да мындай иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлмөкчү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.