КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУН ЖЕҢГЕН ЧАБАНДЕСТЕРДИ ТОСУП АЛУУ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ

11.09.2024, 18:21

Кароолор (31)

 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана  Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата, үстүбүздөгү жылдын 22-31-августуна чейинки аралыкта Чолпон-Ата шаарында   Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча кубогу өткөн. Мелдеште  Баткен облусунун атынан барган "Ак Илбирс" командасы баш байгени ээледи. Чабандестерди бүгүн 11-сентябрда Баткен облусунун дарбазасынан Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев баш болгон топ жылуу тосуп алып, республикалык мелдеште Баткен облусунун намысын коргогону үчүн жалпы командага ыраазычылык айтылып, жеңиш менен куттукташты.


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.