КӨҢҮЛДҮҮ ЖИГИТТЕР КОНКУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

20.11.2024, 21:15

Кароолор (214)

 

Бүгүн 2024-жылдын 20-ноябрында шаардык маданият үйүндө 17-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата”,  шаардагы кесиптик жана жогорку окуу жайлар арасында “Көңүлдүү жигиттер” конкурсу болуп өттү. Конкурс Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулду. Катышуучулар жобого ылайык тамашаларды көргөзүп, таланттарын тартуулашты. Калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундарды ээлеген командаларга шаардык мэрия тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.