Бүгүн 2025-жылдын 20-февралында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардык маданият бөлүмү тарабынан шаар мэринин кубогу үчүн «Көңүлдүү жигиттер» конкурсу болуп өттү. Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардан куралган командалар катышып, өздөрүнүн тапкычтыгын, тамашакөйлүгүн жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүштү.
Конкурс кызыктуу тамашалар жана шаңдуу маанай менен коштолуп, көрүүчүлөргө унутулгус сезимдерди тартуулады. Катышуучулар ар түрдүү темадагы юмордук сценкаларды коюп, акылмандуулук жана тапкычтык менен калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө шаар мэринин кубогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындай маданий иш-чаралар жаштардын чыгармачылыгын колдойт жана шаарыбызда позитивдүү маанай жаратат.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.