Кулактандыруу Көңүл буруңуздар! Аукцион! Конкурс!

26.08.2024, 11:38

Кароолор (494)

 

2024–жылдын “26” сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктерди башкаруу, жер участкаларына болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясы аукцион өткөрөт. Аукционго жана конкурска төмөнкү жер тилкелерине жеке менчик же ижара укуктары берилет:

        

АУКЦИОН

 

ЛОТ №1

Кызыл-Кыя шаарынын Октябрьская көчөсүндө жайгашкан 600 чарчы метр жер тилкеси соода түйүнүн куруу үчүн жеке менчикке сатылат. Баштапкы (старттык) баасы 300000 (үч жүз миң) сом.

 

ЛОТ №2

Кызыл-Кыя шаарынын Фрунзе көчөсүнүн №29-3 үйүнүн коргонун ичинде жайгашкан 23 чарчы метр жер тилкеси үйдүн жанындагы жер тилкеси катары жеке менчикке сатылат. Баштапкы (старттык) баасы 10350 (он миң үч жүз элүү) сом.

 

ЛОТ №3

Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылында жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкеси жашылдандыруу үчүн 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 2000 (эки миң) сом.

 

КОНКУРС

 

ЛОТ №1

Кызыл-Кыя шаарынын Ынтымак көчөсүндөгү Ала-Тоо маданий борбору жайгашкан муниципалдык имарат кафе, эс алуучу, тамактануучу  жай катары иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 80000 (сексен миң) сом.

 

ЛОТ №2

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү Пост ГАИ участкасында жайгашкан аллеянын алдынан 18 чарчы метр жер тилкеси балмуздак, суусундуктар сатуу үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 2880 (эки миң сегиз жүз сексен) сом.

 

ЛОТ №3

Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан жеңил типтеги муниципалдык ашканага ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 30000 (отуз миң) сом.

 

ЛОТ №4

Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан 1800 чарчы метр жер тилкесин ижарага берип коммерциялык багытта соода борборун куруп иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 72000 (жетимиш эки миң) сом.

 

ЛОТ №5

Кызыл-Кыя шаарына 10 даана таза суу фильтр аппаратын орнотуу үчүн ижарага жер тилкесин берүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын бир айлык баасы 1 чарчы метри 1200 (бир миң эки жүз) сом.

 

ЛОТ №6

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан Т.Кулатов атындагы борбордук стадионго курулган аллеяга жеңил типтеги конструкциядан тез татым (фасфут) орнотуу үчүн 21 чарчы метр жер тилкеси  1 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын баштапкы старттык баасы бир айга 630 (алты жүз отуз) сом.

 

ЛОТ №7

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан Т.Кулатов атындагы борбордук стадионго курулган аллеяга жеңил типтеги конструкциядан тез татым (фасфут) орнотуу үчүн 40 чарчы метр жер тилкеси  1 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын баштапкы старттык баасы бир айга 1200  (бир миң эки жүз) сом.

 

ЛОТ №8

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан Т.Кулатов атындагы борбордук стадионго курулган аллеяга жеңил типтеги конструкциядан тамактануучу жай орнотуу үчүн 200 чарчы метр жер тилкеси 1 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын баштапкы старттык баасы бир айга 6000 (алты миң) сом.

 

ЛОТ №9

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан Т.Кулатов атындагы борбордук стадионго курулган аллеяга жеңил типтеги конструкциядан сүрөт салонун орнотуу үчүн 20 чарчы метр жер тилкеси  1 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын баштапкы старттык баасы бир айга 600 (алты жүз) сом.

 

ЛОТ №10

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү “Молдо Гулмат” атындагы борбордук сейил багынан 3500 чарчы метр жер тилкесине Дисней Ленд аттракцион уюштуруу үчүн 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Ижаранын баштапкы бир айлык (старттык) баасы 105000 (бир жүз беш миң) сом.

 

ЛОТ №11

Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү (Финка банкынын дарбазасы – шино монтажга) чейин 20 машина орундуу парковка ижарага берилет. Баштапкы (старттык) баасы 1 айга 12000 (он эки миң) сом.

 

Аукционго жана конкурска катышуу үчүн арыздар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Масалиев көчөсү-60, №5-каб, 1-этаж. Аукционго жана конкурска катышууну каалагандар жеке менчикке жана ижарага коюлган жердин баштапкы баасынан 10% гарантиялык төлөмдү, 0,5% комиссиялык төлөмдү 2024-жылдын «24» сентябрь күнү саат 12:00 го чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, 

ИНН 00402200210141, ОКПО 440001,

Центральное Казначейство МФ КР 4409042200000370 эсеп счетуна 

БИК 440001,

Төлөө коду 14511900 менен  төлөөлөрү керек.

 

Арыздарды кабыл алуу 2024-жылдын «24» сентябрь саат 12-00 го чейин.