Кулактандыруу Көңүл буруңуздар! Аукцион! Конкурс!

22.11.2024, 15:26

Кароолор (452)

 

2024–жылдын “20” декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктерди башкаруу, жер участкаларына болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясы конкурс өткөрөт. конкурска төмөнкү жер тилкелерине жеке менчик же ижара укуктары берилет:

 

КОНКУРС

 

ЛОТ №1

Кызыл-Кыя шаарынын Курук-Сай участкасындагы курулуп жаткан муниципалдык базарга 6 га жер тилкесине долбоор түзүү, долбоорго негиз соода түйүн ж.б коммерциялык объект куруу үчүн 30 жылдык мөөнөткө  ижарага берүү жолу менен курулган объекттерди  муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу менен ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 1 чарчы метр 220 (эки жүз жыйырма) сом.

 

ЛОТ №2

Кызыл-Кыя шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан муниципалдык имарат жер тилкеси менен өндүрүш багытында иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 1 чарчы метр 80  (сексен) сом.

 

ЛОТ №3

Кызыл-Кыя шаарынын Солнышко көчөсүндө жайгашкан муниципалдык имарат жер тилкеси менен өндүрүш багытында иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы  1 чарчы метр 80 (сексен) сом.

 

ЛОТ №4

Кызыл-Кыя шаарынын Абжапаров көчөсүндөгү 48 чарчы метр жер тилкесине жеңил типтен орнотуп унаа жуучу жай жана устакана ачып иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 3840  (үч миң сегиз жүз кырк) сом.

 

ЛОТ №5 

Кызыл-Кыя шаарынын Чехов көчөсүндөгү 30 чарчы метр жер тилкесине жеңил типтен соода түйүн орнотуп иштетүү үчүн ижарага конкурс жарыяланат. Ижаранын 1 айлык баштапкы (старттык) баасы 3000  (үч миң) сом.

 

Аукционго жана конкурска катышуу үчүн арыздар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Масалиев көчөсү-60, №5-каб, 1-этаж. Аукционго жана конкурска катышууну каалагандар жеке менчикке жана ижарага коюлган жердин баштапкы баасынан 10% гарантиялык төлөмдү, 0,5% комиссиялык төлөмдү 2024-жылдын «24» сентябрь күнү саат 12:00 го чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, 

ИНН 00402200210141, ОКПО 440001,

 Центральное Казначейство МФ КР 4409042200000370 эсеп счетуна 

БИК 440001, 

Төлөө коду 14511900 менен  төлөөлөрү керек.

 

Арыздарды кабыл алуу 2024-жылдын «18» декабрь саат 12-00 го чейин.