КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

01.11.2024, 11:30

Кароолор (48)



 Бүгүн 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Маараке Кызыл-Кыя шаарынын мэриясыныны жыйындар залында өтүп, ага шаар мэри А.Маткалыков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ИИМдин кызматкерлери жана ардагерлери катышты. 

Шаар мэри тартип сакчыларын куттуктап, шаарыбызда тартипти сактоодо жана жашоочулардын бейпилдигин камсыз кылууда салымдары зор экендигин баса белгилеп, ыраазычылык билдирди. 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан ардагерлерге жана кызмат учурунда кайтыш болгондордун жакын туугандарына акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Ошондой эле кызматтык милдетемелерин так аткарып, коомдо тартипти орнотууга салымын кошуп келе жаткандарды, Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдык юбилейлик медалы жана ардак грамотасы менен сыйлады.

Тартип сакчыларын Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Б.Өмүрканов да куттуктап, иш-аркеттерин берилгендик менен аткарып келе жаткандарды ардак грамотасы менен сыйлады. 

Мааракенин аягында катышуучуларга шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 
маалыматтык камсыздоо кызматы.

 

                                                                                    Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.