Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Кувасай шаарынын акиминин орун басары С.Нишанкуловдун ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн негизинде, 2024-жылдын 6-декабрында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбанов, шаар аймагындагы өнөр жай ишканаларынын жетекчилери, Кувасай шаарынын акиминин орун басары С.Нишанкулов жана соода палатасынын өкүлдөрү, Кувасай өнөр жай ишканаларынын жетекчилери катышты.
Жыйында кыргыз-өзбек достук мамилелерин бекемдөө, өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча талкуулар болду. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы керамика, пластик жана тери кайра иштетүү ишканаларын куруу сунушун берди.
Мындан тышкары, Кызыл-Кыя шаарындагы “Глобал Гармент” тигүү фабрикасына экскурсия уюштурулуп, делегация фабриканын өндүрүш процесси менен жакындан таанышып чыкты.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.