КЫРГЫЗ ПРОКУРАТУРАСЫНА 100 ЖЫЛ

20.11.2024, 19:58

Кароолор (145)

 

            Бүгүн 20-ноябрь 2024-жыл Кызыл-Кыя шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип,  анын алкагында сыйлоо аземи болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков катышып, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын көзөмөлдөөдө башкармалыктын кызматкерлеринин салымы зор экенин белгилешип, прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жыйындын жүрүшүндө шаарыбызда мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылууга, жарандардын укуктарын, эркиндигин коргоого кошкон барандуу салымы жана ак ниет эмгеги үчүн Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери, мэрия тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы медалы Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.

Белгилей кетчү нерсе 100 жылдыкка карата  шаар прокурору Бакытбек Өмүркановдун демилгеси менен музей уюштурулган. Мында мурда колдолунуп келген аспаптар, байланыш каражаттары, жазуучу машиналар жана башка каражаттар көргөзмөгө коюлган.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.