КЫРГЫЗ ПРОКУРАТУРАСЫНА 100 ЖЫЛ ШААР МЭРИНИН КУТТУКТООСУ

22.11.2024, 12:36

Кароолор (255)

 

Урматтуу прокуратура кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Прокуратура кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!

Мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, адилеттүүлүктү камсыздоо – бул абдан жоопкерчиликтүү жана ардактуу милдет. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, адискөйлүгүңүздөр жана мыйзамдуулук принциптерине бекем берилгендигиңиздер ар бир жарандын укугун коргоого, коомдо тартипти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.

Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер ар дайым бийик бааланып, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына кызмат кылууну улантасыздар деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм! Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар ар дайым жогору бааланат.

Майрамыңыздар менен!

 

Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков

 

 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.