2024-жылы 29-ноябрында Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасында шаардын прокурору Б.А.Өмүрканов, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык салтанаттуу мааракесине карата өз кызматтарына ак ниеттүүлүк менен мамиле кылышкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан берилген төмөндөгү сыйлыктарды тапшырды:
Прокурордун орун басары Э.Койлубаев “Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды
Прокурордун улук жардамчысы Э.Тажибаева “Экинчи даражадагы Мыйзамдуулукка кошкон салымы үчүн” төш белгиси менен жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды
Прокурордун жардамчысы И.Орозалиев “Ардак грамота” менен сыйланды.
Ошондой эле Кыргыз Прокуратурасынын 100 жылдыгына арналган атайын энцикилопедия жарык көрдү.
Айта кетсек 22-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусу менен Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара белгиленген.
Булак: Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.