Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров 2024-жылдын 31-декабрь күнү "Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын негизги максаты — Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу болуп эсептелет.
Буга негиз 2025-жылдын 11-январында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмү жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жетекчиси З.Кожомбердиев, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер, бизнес өкүлдөрү, үй комитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында жаңы мыйзамдын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катышуучуларга анын маңызы жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берилди. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерине мыйзамдын аткарылышын камсыздоо боюнча милдеттери эскертилип, коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Мындай аракеттер коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.