Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы
“2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” ПЖ №137 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы жана Кызыл-Кыя шаардык ИИБнин кызматкерлеринин жетекчилиги алдында, ЦОВП имаратында медицина кызматкерлеринин активдүү катышуусунда коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медицина кызматкерлери тарабынан суроолор берилип, аларга тиешелүү жооптор берилди. Ошондой эле жетекчилер өздөрүнүн кол астындагы кызматкерлерге да бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.