КЫЗДАР КӨЗДӨГӨН КЕЛЕЧЕК АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

11.10.2024, 17:00

Кароолор (10)

 

 

            

            2024-жылдын 11-октябрында Кызыл-Кия шаарында Эл аралык кыздар күнүнө карата “Кыздар көздөгөн келечек” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чара  КБ “Балдарды коргоо борбору”, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду, БААУ алдындагы Техникалык колледжи, Кыргызстандагы Enactus уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду.

 

Технологиянын өңүгүү доорунда илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында билим алуу керектиги өтө чоң. Бул иш-чара жаш муундарды жана алардын ата-энелерин STEM тармагында өңүгүүсүң колдоо жана шыктандыруу максатын көздөйт. Ошол эле учурда бул иш-чара  тең мүмкүнчүлүктөр жөнүндө өспүрүм кыздардын билимин арттырат. Иш-чарага шаардагы 9 мектептен 200 өспүрүмдөр, алардын ата-энелери, шаар мэри жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү катышты. 

 

Фестивалдын ачылышында Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Кристина Бруджиоло сөз сүйлөштү.

 

Иш-чарада коноктор ойлоп табуулардын көргөзмөсүнө барып, химиялык жана физикалык эксперименттерге, интерактивдүү оюндарга жана концертке катышты. 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.