Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат лицейинде аталган билим уясынын бүтүрүүчүсү, өз өмүрүн элинин коопсуздугу үчүн арнаган маркум Орозмамат Акуналиевдин ысымын алып жүргөн аскерге чейинки даярдык кабинети ачылды.
Жаңы ачылган кабинетте окуучулар аскердик тарбия, мекенди коргоо жана дене тарбия боюнча билим алышат. Иш-чарага шаар мэри А.Маткалыков, ардагерлер, маркумдун кесиптештери, жакындары, мугалимдер жана окуучулар катышып, анын элесине таазим кылышты.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 27-октябрында Бишкек—Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда бензовоз кырсыкка учурап, өрт чыккан. Бул кырсыкта Орозмамат Акуналиев жана анын кесиптеши Дилмурат Шамшиев окуя болгон жерден өтүп бара жатып, айдоочуга жардам көрсөтүү үчүн токтошкон. Өрттү өчүрүүгө аракет көрүп жаткан учурда экөө тең оор күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, 1-ноябрда Дилмурат Шамшиев, ал эми 6-ноябрда Орозмамат Акуналиев алган жаракаттарынан улам каза болушкан.
Көрсөткөн эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Орозмамат Акуналиевге "Эрдик" ордени ыйгарылган.
Маркум Орозмамат Акуналиевдин артында жубайы жана үч баласы калды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.