2024-жылдын 27-ноябрында Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарына мандаттар тапшырылып, төрага жана орун басарлары шайланды. Шаардык кенештин I сессиясына жалпы шайланган 31 депутаттан 30 депутат катышты. Шаардык кенештин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Аматов Жаныбек Женишбекович шаардык кенештин төрагасы болуп шайланды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.